Сөөктүн сынуусун төмөндөткөн суусундук

8-Дек. 2017, Жума, 15:33

Эгер адам күнүнө эки стакан апельсин ширесин ичип турган болсо сөөктүн сынуу коркунучун эки эсе төмөндөтөт.

Чжэнчжоу университети 10 миңден ашык адамга изилдөө жүргүзүп, апельсин ширесинин сөөктөрдү бекемдерин аныкташкан. Буга апельсиндин курамындагы С витамини таасир берет.

Бул өзгөчө улгайган адамдар үчун өтө маанилүү. Себеби С витамининин ар бир 50 миллиграмы сөөктүн сынуу коркунучун 5 пайызга төмөндөтөт. Тагыраагы бир стакан шире 20 пайызга, эки стакан 40 пайызга азайтат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!