Ашказан жарасы жана гастрит оорулары кыйнап жатабы? Анда сиз үчүн үй шартында даярдалуучу жөнөкөй рецептердин бирин сунуштамакчыбыз. Колдоноордун алдын дарыгерден кеңеш алыңыз.
Ал үчүн сизге болгону кант + бака жалбырак (подорожник) керек!
Бака жалбыракты жыйнап алып таза суу менен жууп, эт туурагычтан өткөрүп аласыз.
1 литр банканы толтуруп жана ичине 3 аш кашык кант саласыз да муздаткычка салып күтө турасыз.
Күнүнө 3 ирет 1 аш кашыктан тамакка чейин 20 мүнөт мурда жейсиз.
1 курс дарылануу үчүн 3 литр банканы түгөтүү керек.