Лимон ширеси бөйрөктөгү ташты чыгарат

14-Дек. 2017, Бейшемби, 12:05

Сиздерге лимон ширесинин 15 ден соолукка пайдалуу жагын сунуштайбыз:

1. Курамында кальций, магний, калий сыяктуу элементтер көп болгондуктан, терини нымдаштырып, жансыздануудан сактайт.

2. Муун менен булчуң эттеги ооруксунууну басат.

3. Зат алмашууну иретке келтирет.

4. Организмдеги токсиндерди жана башка дагы керексиз заттарды чыгарган боордун жумушун жакшыртат.

5. Ангина, дем алуу жолдорундагы инфекцияны, миндалиндин шишип кетүүсү сыяктуу оорулардан алдын алат.

6. Ичеги-карынды тазалайт.

7. Организмдеги метаболизм кубулушун ишке кошот.

8. Иммунитетти күчтөндүрүп, картаюну жайлатат.

9. Курамындагы калийдин аркасында стресс менен күрөшүүдө пайдасы тийгизет.

10. Лимон кошулган суу канды тазалайт.

11. Артериялык кысымды төмөндөтүүгө жардам берет. Күндө колдонгон болсоңуз, кысымыңыз 10 пайызга чейин төмендөйт.

12. Курамында С витамини көп болгондуктан, терини жашартат.

13. Анын кош бойлуу аялдарга да пайдасы мол. С витамини иммунитетти бекемдеп, жарык дүйнөгө келчү наристенин сөөгүн катырат. Муну менен бирге мээ клеткаларынын түзүлүшүн тездетет.

14. Чай кашык лимон ширесин бир стакан сууга аралаштырып ичсеңиз, ашказандын кыжылдашынан арыласыз.

15. Эң башкысы бөйрөктөгү ташты ээритип, жууп чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!