Медициналык масканы колдонуу эрежеси

15-Дек. 2017, Жума, 16:19

Маска вирустун өзүнөн эмес оорулуу адам чүчкүргөндө же жөтөлгөндө пайда болгон чачыранды тамчылардан коргойт.

Масканы туура колдонбоо жуктуруп алуу коркунучун азайтпайт, бирок ошентсе да арттыруусу мүмкүн.

Бир жолуку масканын кызмат көрсөтүү убактысы 1-2 саат гана.

Маска оозду гана жаап турбай, ошону менен катар ооздун тегерегин жана мурунду тумчулап тагылуусу кажет.

Пайдаланылган масканы дароо таштанды кутусуна таштап, колду самындап, таза жууган жөн.

Көчөдө маска менен коргонууга кеңеш берилбейт.

Сасык тумоо жана ОРВИден коргонуу үчүн аны ооруп жаткан адам жабык жерде же адам көп жыйналган жерлерде гана кийүүсү кажет.

Эпидемиологдордун изилдөөсү боюнча, коргонуу маскаларын ар дайым кийип жүрүү жана колду тез-тезден жууп туруу сасык тумоо менен ооруп калуу коркунучун 50 пайызга азайтат экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!