Инфарк акчага байланышканы аныкталды

19-Дек. 2017, Шейшемби, 13:08

Эгерде адам узак убакыт бою акчадан кыйналып, стресс болуп жүрсө, анда инфаркка учурап калуу коркунучу үч эсе артат.

Йоханнесбургтагы Витватерсранда университетинин окумуштуулары адамдар инфаркка эмне себептен учурарын аныкташты. Бул тууралуу “life.ru” сайты жазды.

Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча Түштүк Африка бирикемесинин 18-жыл сайын өтчү конгрессинде окумуштуулар менен дарыгер-кардиолодор көптөгөн элди тынчсыздандырып жүргөн баяндаманы угушту. Анда өлүмгө алып келип соккон инфарктын көпчүлүгү каржы проблемасы менен байланыштуу экени айтылган.

Йоханнесбургтагы Витватерсранда университетинин окумуштуулары инфаркт көп учурда психосоциалдык факторлордон болоорун аташты. Бул факторлордун арасында акча же болбосо башка дагы активдер алдыңкы орунда турат.

Адистердин айтуусу боюнча, эгер адам узак жылдар бою акчага байланыштуу кыйындыктарга стресс болуп жүрсө, анда миокард инфарктына учурап калуу үч эсе арта түшөт экен. Изилдөөчүлөр инфарктка алып баруучу акча маселеси үй-бүлөлүк карым-катнаш менен мансапка байланыштуу проблемалар таасир этүүсү мүмкүн дешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!