Мурун бүтүп калдыбы?

22-Дек. 2017, Жума, 11:58

Дарыгерлер чимкирүүнүн эмнеге зыян экенинин билдиришти.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча мурунду катуу кысып туруп чимкирүү зыян экен.

«Адам чимкирген кезде чыккан суюктуктун 4 мл өлчөмү гайморит койнуна кетип калат. Андан улам мурун гайморитке кабыл болуусу мүмкүн.

Бирок мурунду тазалабай да жүрө берүү мүмкүн эмес. Суук тийген кезде мурундан суу агат. Чимкирген кезде мурундун эки тешигин удаа жаппай, бирин жапкан учурда бири ачык калтыруу керек. Ушундайча мурун куушун кезеги менен тазалаган оң. Бул ыкманы колдонгон кезде тамакка түшкөн кысым төмөндөп, жыйынтыгында гайморитке суюк зат кирип кетпейт. Эгер мурдуңуз таптаркыр бүтөлүп калып, тазалай албай жатсаңыз, чалкалып жатып алып, мурундун ичине пипетка менен тузду суу куюп чайкаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!