Астма кармаган учурда

23-Дек. 2017, Ишемби, 14:40

Жаңы хрен чөбүн жууп, 150 грамм туурап туруп өтө чоң эмес көлөмдөгү эки лимонду сыгып аралаштырасыз. Эртең менен эрте ачкарын 1 чай кашыктан ичүүңүз керек.

Кашка беденин гүлдөрүнөн демделген чайга бал кошуп ичип жүрүңүз.

Эгер астма оорусу кокусунан кармап калса, бир тоголок музду жутушуңуз керек. Нашатырь спиртин жыттап, буттардын балтырларына горчичник койгонуңуз да туура.

Төрт тоголок пиязды жумшарганга чейин кайнатат. Пияздар жумшаргандан кийин суусун төгүп саласыз да, эртең менен жана кечкисин бир чоң кашыктан ачкарын жеп жүрүүңүз абзел.

Бирдей өлчөмдө болгон семичке майын, балды жана аракты аралаштырасыз да, анын үстүнө горчичникти коюп кармап турушуңуз керек.


Алгач марлиден, кездемеден жана полиэтиленден чыптама даярдап алууңуз керек. Бир литр сууга бир аш кашык тузду кайнатып, кездемеден жасалган чыптаманы туздуу сууга салып, бир нече убакыттан кийин сыгып алышыңыз керек. Марлиден жасалган чыптаманы болсо заарага салып, аны да кайра сыгып алуу керек. Алгач марлиден жасалган чыптаманы, андан соң кездеме чыптаманы, анын үстүнөн полиэтиленден жасалган чыптаманы кийип алышыңыз керек. Бардыгынын үстүнөн синтетика кошулбаган кофта кийип алыңыз. Бутуңузга болсо заарага чыланган байпакты кийип, анын үстүнөн полиэтиленден жана кебезден жасалган байпак кийип алууңуз керек. Мындай ыкманы күнүгө жатаарда жасап, таң аткыча чечпешиңиз керек. Дарылануу курсу негизинен 10 күн.

Эгерде дагы деле сакая элек болсоңуз, анда так санда (3,5,7) кайталаганыңыз оң. Курстун жүрүшүндө жуунбай жүрсөңүз жакшы натыйжасын берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!