Инсульттун алгачкы белгилери

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:25

Инсульт – мээдеги кан тамырлардын кызматынын кокустан бузулуп, мээге кандын куюлусу. Анын кесепетинен кан тамырлар бүтөлүп, кийин кандын уюп калуусуна алып келет. Жыл сайын мээге кандын куюлушунун кесепетинен миллиондогон адам каза табат. Инсульт алган адамды дароо куткарбаса, шал болуп (паралич) калуусу мүмкүн. Жана куткарып калууга сиздин болгон үч гана саат убактыңыз бар. Бүгүнкү материалда сиз инсульттун алгачкы белгилери туралуу биле аласыздар.

Инсульт менен ооруп турган адамдын абалын төмөнкү 4 жөнөкөй белги аркылуу аныктай аласыз:

* Ооруп жаткан адамды күлүүсүн сураныңыз. Ал жылмаюсу мүмкүн, бирок күлө албайт.

* Сүйлөшүүгө аракет кылыңыз (мисалы, «Ден соолугуң кандай, кыйналбай элесинби?” десеңиз сүйлөй албай кыйналат)

* Эки колун катар көтөрүүсүн айтыңыз. Эгер бул аракетти аткара албаса, бул дагы бир белги болуп саналат.

*Тилин чыгаруусун өтүнүңүз, тилин чыгара албай кыйналат.

Эгер сиз суранган нерселерди аткара албай кыйналып жатса, милдеттүү түрдө тез жардам чакырыңыз. Жогорудагы оорулунун аракеттерин жакшылап түшүндүрсөңүз, алар сиздеррге атайы куткаруу тобун жөнөтөт. Инсульт кокусунан пайда болот. Биз айткан кеңештерди жакшылап эске тутуп алсаңыз, инсульт алган адамга жардам бере аласыз. Эң башкысы тынчсызданбаңыз, анткени адам өмүрү – сиздин колуңүзда. Ушундай пайдалуу кеңештерди досторуңузга айта жүрүңүз, муну менен адам өмүрүн сактап кала аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!