Кайсы азыктарда белок көп?

13-Янв. 2018, Ишемби, 12:30

Диетологтор курамында протеини көп алты азыкты аташты.

Белок-адам организмине өтө керектүү зат. Ошондуктан анын кандай азыктарда көп болоорун биле жүрүш керек.

Балык

Жумасына кем дегенде эки порция балык жеп туруу кажет. Эң пайдалуу түрү – семга, форель, чабак.

Жумуртка

Бир жумурткада 6,5 грамм белок бар. Аял кишиге орто эсеп менен 50 грамм белок кажет.

Эт

Эгер этти жакшы көрсөңүз, анда эң жакшысы майсыз этти жеңиз. Артериалдуу басымды төмөндөтүү үчүн күнүнө 175 грамм эт жегенге кеңеш беребиз.

Жаңгактар менен бурчактар

Буурчактарда белок көп кездешет. Ошондой эле курамында майдын өлчөмү да аз. Ал эми жаңгактардын курамында белок гана көп эмес. Ал муну менен бирге ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Тооктун эти

Тооктун этинде белок мол болот. Бирок майлуулугу аз. Тооктун этинин бир порциясында 21 грамм белок бар.

Майсыз сүт азыктары

Сүт азыктары сөөккө өтө пайдалуу. Мындан сырткары алардын курамында бирдей кысымды кармап турууга жардам берген белок да бар. Чоңдорго күнүнө эки-үч порция сүт азыктарын пайдалануу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!