Эң пайдалуу он азык

18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:29

Ден-соолугубуздун чың болушуна салымын кошкон табигый пайдалуу азыктар бар. Албетте, булардын катарын жашылча-жемиштин ар кандай түрлөрү менен толуктай берүүгө болот. Бирок негизгилери төмөнкүлөр:

Балык

Эгер балыкты бир жумада үчтөн кем эмес жолу эттин ордуна пайдалансак, жүрөк ооруларынын алдын алып, кандагы холестериндин деңгээлин сактаган болоор элек. Балык өзүнүн баалуулук касиеттери жагынан этти алдына чыгарбайт.

Кара нан

Кара нан витаминдерге, минералдык заттарга гана бай болбой, мында клетчатканын көп өлчөмү бар. Клетчатка кандагы холестеринди жана кан басымды түшүрөт, тамак сиңирүүнү жөнгө салып, зат алмашууну тездетет, организмдеги шлактарды чыгарат, клеткалардын жаңыланышын күчөтөт жана жаштыктын сакталышына жардам берет.

Алма

Адамдын организмине эң керектүү болгон 15 витаминдин алмадан 12си табылган. Булар В, С, Е, Р жана башка витаминдер. Эгер күн сайын алма жесек, жүрөк-кан тамыр ооруларына болгон коркунучту азайткан болоор элек. Мындан тышкары алма клеткаларды картаюудан сактоочу антиоксидантка бай.

Сабиз

Сабизде да көптөгөн "сулуулук витаминдери" жана пайдалуу минералдык заттар бар. Сабизди жүрөк ооруда жеген жакшы жыйынтык берет. Ошондой эле сабиз онкологиялык оорулардын алдын алууда колдонулуп, көзгө эң пайдалуу азык.

Ашкабак

Ашкабак көптөгөн ооруларга даба: жүрөк, кан-тамыр, ичеги, боор, бөйрөк, суук тийгенде жана аз кандуулукта. Анда С, В, каротин, Е, РР, К, Т витаминдеринин көп өлчөмү болгондуктан, сабиз чачты, тырмакты бекемдеп, терини картаюудан сактайт, ашыкча салмактан арылтат.

Кара карагат

Кара карагатта С витамини көп. С витамининин бир суткалык нормасын алуу үчүн чоң адамга бир күндө 30-60 грамм карагат жеп коюу жетиштүүлүк кылат. Кара карагат муундарды бекемдейт, кан басымды түшүрөт жана жугуштуу оорулардын алдын алууда эң жакшы дары болуп эсептелинет. Ал зат алмашууну жакшыртып, ашыкча салмактан арылууда да колдонулат.

Ит мурун

Ит мурун бекеринен кырк оорунун дабасы деп айтылбайт. Ал С витамининин көптүгү жагынан мөмөлүү өсүмдүктөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Ит мурундун тундурмасы, чайы жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууда эң пайдалуу.

Жемиштердин кактары

Каткан өрүк, кара өрүк, мейиз, инжир, алма, алмурут сыяктуу кактар химиялык кошулмалар менен жасалган таттууларга караганда бир нече эсе пайдалуу. Кактар жүрөк ооруларына, астмага, анемияга, суук тийүүгө эң жакшы дары. Мындан тышкары катырылган жемиштер нерв системасын бекемдөөдө жана ичегилерди тазалоодо натыйжалуу каражат.

Көк чай

Көк чай кара чайга караганда алда канча пайдалуу. Бул суусундук жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун ишин жакшыртат жана иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле көк чай тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмди шлактардан тазалайт, жүрөк оорулары жана рак оорусу коркунучун азайтат, организмдин картаюу процессин жайлатат

Бал

Бал организмге өтө пайдалуу азык. Ал организмдин көптөгөн инфекцияларга каршы турушун жогорулатат. Аны боор, ашказан, ичеги, дем алуу органдары ооруларында колдонуу сунушталат. Бул ажайып азыкта С, К, Е, Р, В витаминдеринен тышкары Менделеевдин таблицасындагы дээрлик бардык микроэлементтер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!