Гинекологиялык ооруларга алып барган 4 фактор

19-Янв. 2018, Жума, 11:22

Биринчи маселе 20-45 жаш аралыгындагы аялдардын жыныс мүчөсүндө суюктук бөлүнүп чыгат, же болбосо медицина тили менен айтканда кандидоз (же молочница). Чындыгында көпчүлүгүбүз мындай абалда жагымсыз нерселердин эмнеден улам болуп жатканына маани бербейбиз. Бирок, адистер мунун бир нече себебин билдирүүшүдө. Анын алгачкы себеби анда-санда ичип жүргөн сыра (пиво) болсо, экинчиси түрдүү таттуу дисерттер тагыраак айтканда курамында дрожь бар суусундуктар менен тамак-аштар кирет экен.

Экинчиден, гинекологтор ички мүчөбүздү инфекциядан сактанууну эскертишти. Ал үчүн депиляция жасаганда, өзгөчө, устара пайдаланганда жана даараткана кагазын колдонгондо абайлаңыз деп кеңеш беришет. Демек, устараны бир жолудан ашык колдонууга болбойт жана хлорлонгон, боёгу бар даараткана кагаздарын эмес, экологиялык таза кагаздарды колдонуу керектигин эскертишет.

Үчүнчүдөн, бийик такалуу бут кийимдер менен денеге жабышкан джинсы шымдарын назик кыздардын жамбаш сөөгүн кыйшайтып, бала төрөгөндө кыйынчылык туудурарын билдиришет ак халатчандар. Ошондуктан күн сайын кийген бут кийимиңиз 4-5 сантиметрден ашпоосунда жана тар джинсы шым кийбегенге аракет кылыңыз.

Төртүнчүдөн, дарыгерлер гинеологиялык коркунучту дартка чалдыгууну алдын алуу үчүн жаткан жериңизге да көңүл бөлүүңүздү айтышат. Алардын билдирүүсү боюнча, уктарда жатчу төшөгүңүз менен матрасыңыз кандай? Жука матрастар кыз-келинчектердин арка омурткасы менен бел омурткасына, жатынына пайдалуу экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!