Балдардагы бронхит

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:38

Балдардын бронхит болуп калуусунун себептери

Балдардагы бронхит: балдардын дем алуу системасы жеткиликтүү деңгээлде күчтүү эмес, ошондуктан ар түрдүү дем алуу органдарынын инфекциясы балдардын бронхитке кабылып калуусуна себеп болуусу мүмкүн. Өзгөчө үй-бүлөдө бирөө тамеки чексе, баланы катуу көзөмөлгө алыңыз. Аба арыклуу таралган тамеки түтүнү балада бронхиттин пайда болуусуна таасир берет.

Балдардагы бронхиттин белгилери

Эгер, балада суук тийүүнүн белгилери пайда болуп, ошону менен бирге катуу жөтөл тынчсыздантса, дарыгерлер ал балага бронхит деген диагноз коюшат. Оору башталганда, адатта жөтөл кургак болот. Бир аз убакыттан кийин, ал жумшак боло баштайт. Эгерде тамагы кырылдап, энтигип дем алып жатса бул обструктивдүү бронхит болып саналат.

Оорунун белгилери: кургак жөтөл (айрыкча эртең менен), дене табынын көтөрүлүшү, бат чарчап, шалдыроо. Какырыктын чыгышы, көкүрөк туштагы оорутуу (оорутуу далыга дейре берет), кээде аба жетпей муунуу. Өнөкөткө айланган түрүндө дене табы көтөрүлбөйт, көтөрүлсө да 37 градустан ашпайт.

Балдардагы бронхитти эмдөө

Ар дайым кайталанган бронхит баланын келечекте астма менен ооруп калуусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, кандай гана жөтөл башталбасын, аны тез арада эмдеп жана толугу менен айыкмайынча дарылоону токтотпоо керек.

Бала бронхит болгон учурда эң биринчи нерсе – бронхспазмды алып таштоо. Бул үчүн дарыгер спазмолитикалык же шишип кетүүсүн басканга дары жазып берет.

Балды аэрозолдук ингаляциялар түрүндө (күнүнө эки процедурадан) жана ичүү менен (100-150 гр кичине бөлүктөргө бөлүп, аны ооздун былжыр чели аркылуу жайбаракат сиңирилиши үчүн ооздо кармап туруу) айкалыштырып 20 күн дарылануу, оорунун симптомдорун толугу менен жоюуга алып келет.

Айрым бейтаптарда бал менен дарылоо көбүрөөк натыйжалуу болушу үчүн дары каражаттарын ичүү жана физиотерапия менен айкалыштыруу зарыл. Мындайда дарылоо курсу орто эсеп менен 30 күнгө созулат. Аэрозолдук ингаляция жана ичүүгө колдонулган бал алдын ала бактериологиялык изилдөөдөн өткөрүлүшү керек. Дарылоо изилдөөнүн маалыматтары боюнча ооруну козгогучка карата эң эле күчтүү бактерициддик таасири бар балдын сорту менен жүргүзүлөт. Ингаляцяларды оорулуулар адатта жакшы көтөрүшөт. Процедура жасалган биринчи күндөрү какырыктын көп чыгышы байкалат, какырык жеңил бөлүнөт, бирок анын көлөмү көбөйөт.

Бал менен дарылоо курсу жүргүзүлгөн соң өпкөдөгү сезгенүү процесстери тынчтанат, газ алмашуу нормалдашат, бронхтордун жылмакайлыгы калыбына келет, анын жыйынтыгында өпкөнүн функциясы нормага келет. Анын жыйынтыктары туруктуу келет жана ал дарылоо дене тарбиясы, кызыл карагайлуу токойдо серүүндөө жана дем алуу, ошондой эле зарылчылык болсо дары каражаттары менен айкалыштырууда кыйла таасирдүү болмокчу.

Атайы массаж бронхторду тазалоого жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!