Бир тал тамеки тартуу кандай зыян алып келет?

30-Янв. 2018, Шейшемби, 11:32

Лондондогу Университет колледжинин окумуштуулары күнүнө бир тал тамеки тартуунун өзү жүрөк-кан тамыр оорулары менен инсультка (50 пайыз) чалдыгып калуу коркунучун артырарын аныкташты. Бул тууралуу “lenta.ru” кабарлады.

Изилдөөнүн жыйынтыгы,“The BMJ” журналына жарыяланган.

Изилдөөчүлөр ден-соолукка зиян тийгизген адаттарга байланыштуу 140тан ашык илимий жумуштардын натыйжасында талдоо жасашкан.

Белгилүү болгондой, күнүнө 20 тал тамеки тарткан адам аны күнүнө 1 талга чейин азайтса да түрдүү ооруларга чалдыгуу коркунучун болгону 50 пайызга азаяры аныкталган. Ошондой эле тамеки тартпагандар менен салыштырганда аларга жүрөктүн ишемиялык оорусу 48 пайызга чейин коркунуч жаратары белгилүү болгон.

Адистер өзгөчө тамеки тарткан аялдар үчүн оору коркунучу жогору экени айтышат. Күнүнө 20 тал тамеки тарткан 100 аялдын эркектерге караганда жетөөсүндө жүрөк талмасы менен инсульт болушу мүмкүн экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!