Коңурук тартуу ден соолукка зыян

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:56

Австралиялык окумуштуулар коңурук тартуу ден соолукка коркунучтуу экенин аныкташты. Ал акыл эстин кемдигин үч эсе, Альцгеймер оорусун эки эсе артырат экен.

Коңурук тарткан кезде мээге кычкылтек жетпей калат. Ошол себептен клеткалар бара-бара өлүп, аталган ооруларга чалдыктырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!