“Wi-Fi” ден-соолугуңузга зыян!

10-Фев. 2018, Ишемби, 12:18

Даниялык окумуштуулар “Wi-Fi”дын адамга зыян экенин далилдөө үчүн изилдөө жүргүзүштү.

Бир нече илимий эксперименттин натыйжасы боюнча “Wi-Fi” мээнин кан айлануу жолдорун ичкертет, ал андан ары баш ооруга алып барат. Эксперимент жүргүзүү үчүн мектеп окуучулары тандалган.

Алардын ар бири уктаар алдында “Wi-Fi”га кошулган смартфонун жаздыгынын алдына коюп жатышкан. Эртең менен аларга дарыгерлер текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжасында көпчүлүгүндө мээнин кан айлануу жолдору тарып жана баш оору пайда болгон. Ошондуктан уктаар алдында уюлдук телефонуңуздун интернетин өчүрүп же таптакыр алыска коюп жатканыңыз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!