Стрессте жүргөндөр көп кайсы сөздөрдү колдонушат?

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:49

Адистер стрессте жүргөн адамдардын кайсы сөздөрдү көп колдонушаарын аныкташты.

Изилдөө учурунда форумдардагы миңдеген билдирүүлөр, интернет желелериндеги жазуулар, онлайн-күндөлүктөр пайдаланылган. Натыйжасында стрессте жүргөндөрдүн көбү жагымсыз эмоцияга толгон сөздөрдү көп колдонушаары аныкталган. Мисалы, «жалгыз», «муң», «байкуш» деген сөздөр.

Ошондой эле, аларга «ар дайым», «ар качан», «эч нерсе» деген сөздөр да таандык экен. Себеби аларга курчаган айланада эмне болуп жатканы маанилүү эмес. Бул сөздөрдү көбүнчө өз-өзүнө кол салгандар колдонот экен.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту сактоо уюмунун даректерине таянсак дүйнө боюнча 300 миллион адам стресске туш болушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!