Организмди бир күн ичинде тазалоо жолу

13-Фев. 2018, Шейшемби, 14:20

Көпчүлүк адамдар бир күн ачка жүрүшсө таң калышып жана ал ден соолукка зыян деп билишет. Бирок бардыгы тескерисинче: ачка калуунун аркасында иммунитетти бекемдеп, ашказаныбыздын көлөмүн кичирейтип, организм жашарат. Ар түрдүү маанилүү ишти баштаардан мурда даярдык жасалгандай мында да адам өзүн даярдоосу керек. Кантип бир күн ичинде организмди тазаласа болот деген суроого жооп издеп көрмөкчүбүз.

Даярдык

Ар бир иш даярдыктан башталат. Эгер муну биринчи ирет жасай турган болсоңуз, эң башкысы – ниет кылганды унутпаңыз. Бир жума бою өзүңүздүн оюңузду даярдаңыз. Бул күн сизге эч нерсе тоскоолдук жасабай тургандай баардыгын алдын ала ойлонуштурган оң. Тамак ичип отурганда, анын өлчөмүн азайтууга тырышыңыз. Тамакты тузсуз ичүүгө аракет кылыңыз. Алдыдагы 24 саатта тамак ичпей тургандыктан, бош убактыңыз көп болот. Таза абага чыгып сейилдеп, мээни сергитип келүүгө убакыт болот.

Ачка болуу

Тамактан баш тартуунун алгачкы күнүн жумуш күнүнө шайкеш келтирүүнүн кажети жок. Антпесе, башыңыз ооруп, өзүңүздү алсыз сезип, оозуңуздан жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн. Бул күнү сууну көбүрөөк ичүүгө тырышыңыз. Анын эч кандай кошулмасыз болгону жакшы. Каттуу кыйналсаңыз, бал кошуп ичиңиз. Жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткарууга тырышыңыз. Эң башкысы, ашыкча кетпеңиз.

Оозду кечки убакта ачыңыз. Душка түшүп, кечки тамагыңызды ичиңиз. Эсиңизде болсун: кечки тамак жөнөкөй болуш керек. Жөн гана салат менен чай. Чыдай алаарыңызды сезиңиз, тамакты эртең менен бир жолу жесеңиз болот. Ушундайча 36 саат боюу тамак ичпей жүрөссүз.

Ач калгандан кийинки күн

Эртеси да көп тамак ичпегенге тырышыңыз. Эгер эртеси күнү да чыдай аларыңызды сезсеңиз, тамакты кечкисин бир жолу ичиңиз.

Тамак ичкен маал

Эң биринчи эт, быштак, балык сыяктуу тамактарды жегенге болбойт. Муну менен катар, семечка, жаңгактардан да баш тартуу кажет. Эки күн кычкыл тамактардан алыс болуңуз. Бышырылган өсүмдүктөр, сабиз менен капустадан жасалган салат сыяктуу ичегини тазалай турган тамактардан жеңиз. Таза сууну көбүрөөк ичиңиз.

Жыйынтыгында ушул ыкманы жума сайын кайталап туруу аркылуу ден-соолукту жакшыртып, айланага болгон көз карашыңыз өзгөрөтүңүз. Бир жолу жасаган менен натыйжасы байкала калбаарын билиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!