Сасык тумоону бир күндө айыктырган дары

15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:55

“Shionogi & Co.”компаниясы ойлоп тапкан дары сасык тумоодон бир күндө айыктыра алат.

Япониянын “Shionogi” фармацевтикалык компаниясы балоксавир-марбоксил дарысын ойлоп тапты. Анын бир дозасы сасык тумоо вирусун бир күндө тагыраак айтканда 24 саат ичинде дарылап чыгат. Ошону менен бирге, жаңы дары менен эмдөө тумоонун күчөп кетүүсүнө жол бербейт.

“Клиникалык изилдөө натыйжасында далилденген бул дары азырынчы сатыкка чыга элек”,- деп жазат “Science Alert” басылмасы.

Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылдын башында бул дарыны кенен колдонууга киргизүүнү пландап жатат. Ал эми өндүрүүчү компания 2018-жылдын март айынан баштап расмий уруксат алабыз деп даярдык жумуштарын башташты.

Эгер министрлик өз уруксатын берсе өндүрүчүлөр дарынын жаңы партиясын май айында сунуштап, сатыла баштайт.

Ал эми бул дарыны башка өлкөлөргө экспортко чыгаруу же чыгарбоо тууралуу азырынча белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!