Аллергия: поллиноз деген эмне?

6-Март 2018, Шейшемби, 15:34

Поллиноз – бак-дарактар менен өсүмдүктөрдүн чаңдашуусунан пайда болгон аллергия түрү. Жаз башталгандан тартып кеч күзгө чейин кетпеген оору түрү. Бүгүнкү материалда бул аллергиянын түрү тууралуу биле аласыздар

Поллиноз: гүлдөгөн кездеги 4 маанилүү эреже

1) Ата-энелер поллиноз абалын жеңидетүүчү кадамдарды кабыл ала алышат:

Гүлдөгөн кезде баланы климатты башка аймакка алып барыңыз. Мисалы, деңизге же көлгө. Бул эң жакшы болуп саналат, бирок баланын ушул убакытта иммундук системасы алсырарын унутпаңыз. Эгер сиз визасыз өлкөгө бара турган болсоңуз медициналык сактандырууну алууну унутпаңыз.

2) Сейилдөөнү чектөө керек – бул поллинозду күчөтүп жибериши мүмкүн. Үйдүн терезелерин жабык болуусун көзөмөлдөңүз. Болгону эртең менен же болбосо жамгыр жаагандан кийин абада чаңдын концентрациясы азайганда гана ачыңыз. Күнүнө кем дегенде бир жолу, бөлмөнү нымдуу кылып тазалап туруңуз. Сейилдегенден кийин баланын кийимин алмаштырып, жууп койсоңуз жакшы болот.

3) Поллиноз болгон кезде баланын тамак-ашына көзөмөлдөп туруңуз.

4) Интернетте абадагы чаңдын концентрациясынын өлчөмүн жарыялаган сайттар бар. Алар 2 күн сайын даректи жаңылап турушат. Ошол маалыматты карап туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!