Зыяндуу шишикти пайда болушунун 7 себеби

9-Март 2018, Жума, 12:16

Зыяндуу шишиктин 200 түрү кездешет. Бул дарт сөөктөн өтүп, организмдерди бузуп, көкүрөк менен мээни, ашказанды, табарсыкты,оозду, боор менен канга зыян тийгизет.

Рактын жайылышы тукумга, курчаган айланага, дени сак өмүр сүрүү салтына байланыштуу.

Окумуштуулар тамеки рактын жеңил турүнө чалдыктарарын, ичимдик боор менен уйку безинин зыяндуу шишигине алып келээрин айтышат.

Тамеки рактын 14 түрүнө себепкер болуп, жүрөк оорусуна чалдыктырат. Андан башка ашказан, табарсык, уйку бези, бөйрөк менен боор, жатын менен энелик бездердин бузулушуна алып келет.

Ошону менен бирге ашыкча салмак дагы рак ооруларын пайда кылат. Туура тамактанбоо, зыяндуу тамактарды жеген да зыяндуу. Окумуштуулар этти чамасынан сырткары жеген ичегилердин зыяндуу шишигине , туздуу тамактар ашказан рагын жаратат.

Күн тик тийген жерде күнгө күйгөнгө, солярии кабыл алууга болбойт. Ал теринин ДНК системасын бузат.

Стресс болгондо адамдын гормонунун бузулушуна таасир берет. Ички организм мүчөлөрү да зыянга учурайт.

Мындан сырткары жугуштуу оорулар зыяндуу шишикке чалдыктырышы мүмкүн. Адистер зыяндуу адаттардан алыс болуп, дени сак жашоо салтын карманууга чакырышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!