Туура тамактануу бул...

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 14:40

Ар дайым тамак ичердин алдында 15 мүнөт мурун 1 же 2 стакан суу ичүү.

Күнүнө суу ичүү нормасы: 1,5-2 л (нормага таттуу эмес көк чай да кирет).

Зыяндуу жана таттуу тамактарды күндүзгү 12ге чейин жеш керек.

Күндө жеп жаткан тамактын катарына жер жемиштерди да кошуу.

Ден соолукка жана сулуу келбетке да зыяндуу чучук, фаст-фуд сыяктуу тамактардан баш тартуу.

Арада 2,5-3 саат сайын, аз өлчөмдө тамак жеп туруу кажет. Эгер көп жеп койгон болсоңуз, аралыгы 3 саат сайын тамак ичүү кажет.

Уктоо алдында 3-4 саат мурун тамак ичүү зарыл.

Жумасына 1 жолу жеңил тамактар менен тамактануу (быштак, көк чай сыяктуу).

Дене үчүн пайдалуу машыгууларды жасоо. Спорт, көнүгүүлөр, көбүрөөк жөө басуу, көп кыймылда болуу керек жана лифт менен эмес, тепкич менен чыгыңыз.

Тамакты суу ичип отуруп ичпеш керек. Тамак ичип бүткөндөн кийин 40 мүнөт ичинде суу ичпеңиз.

Милдеттүү түрдө күнүнө 20 грамм май (көкүрөк, чач, тери үчүн) жеш керек. Эртең менен ач карынга зыгыр майын ичкенге да болот.

Милдеттүү түрдө эртең мененки тамакты ичүү зарыл жана аны өткөрүп жибербөө керек.

Нан азыктарын жана таттуу тамактарды жегенди азайтып же болбосо таптакыр жебей койгон жакшы. Мисалы, таттуу тамактын ордуна мандарин жесеңиз болот.

Эртең менен өтө оор эмес көнүгүүлөрдү жасаңыз, ал зат алмашууну жакшыртат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!