Ашыкча туз боордун чоңоюсуна алып келеби?

14-Март 2018, Шаршемби, 12:57

Америкалык окумуштуулар боордун ичимдиктен сырткары чоңойюп кетүүсүнүн жана организмдеги инсулинге чыдамкайлуулугун себептерин аныкташты.

Жогоруда айтылган оорулардын пайда болуусуна тамак-аштын курамындагы туздун өлчөмүнүн көптүгүнөн болот экен. Туздун көп өлчөмү боордогу фруктоза синтезин активдүү иштетип, бул липиддин чыдамкайлуулугуна алып келет. Ал гормондун организмдеги энергия алмашусун тең салмакта кармап турары белгилүү.

Келемиштерге жүргүзүлгөн лабораториялык илимий-изилдөөнүн натыйжасы боюнча, фруктозанын ашыкча өлчөмдө болушу чычкандарда метаболикалык синдромду пайда кылаары аныкталган. Бул боордун алкоголсуз эле чоңойушуна алып келет.

Ошондой эле, фруктоза организмге сырттан гана кирбей, альдозоредуктаза ферменти аркылуу глюкозадан да калыпташат.

Муну алдын алуу үчүн диетологдор күнүнө 6 граммдан ашпаган тузду кабылдоого кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!