Жаз мезгилинде муунга пайдалуу 5 жемиш

28-Март 2018, Шаршемби, 10:42

Европа ортопедиялык борборунун адистери жаз мезгилинде муунга пайдалуу 5 азыкты аныкташты.

1. Калемпир – анын курамында ичке тамырларды активдештирген аскорбин кычкылына бай келет.

2. Сарымсак менен пияз – суук тийгенде басуучу фитонциддерден турат.

3. Шпинат, петрушка – К витамини көп болгондуктан, организмдеги клеткаларды иретке келтирип турат.

4. Алча – анын курамындагы активдүү заттар туздарды эритет. Ошондуктан дарыгерлер муундарында туз уюп калган адамдарга көбүрөөк алча жеп турушуна кеңеш беришет.

5. Эчкинин жаңы саалган сүтү менен быштагы – кальцийге бай азык. Себеби, эчки менен уй жашыл чөптү гана жегендиктен, сүт азыктарынын курамында витаминдер менен амин кычкылдары көп болот.

Андан башка ревматолог-дарыгерлер спаржа, ашкабак, авокадо муун ооруларынын алдын алуучу магний менен башка дагы витаминдерден тургандыктан жакшы жардам берет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!