Антибиотиктер семиртеби?

11-Апр. 2018, Шаршемби, 15:12

Окумуштуулар антибиотиктерди колдонуу адамдын салмагына таасир берет деген жыйынтыкка келди.

Бүгүнкү күндө окумуштуулар антибиотиктерди балдарга эрте жаштан бере баштаган болсо болочокто алар анын кесепетинен ашыкча салмакка ээ болуп, май басып кетерин далилдешти. Изилдөөчүлөр антибиотиктер ичеги жолдорундагы бактериялардын курамына терс таасир берип, организдин өсүшүн өзгөртөт дешти.

Бул гипотезаны тактоо үчүн Мартин Бласер баштаган микробиологдордун тобу жаңы туулган чычкандардын ичкен сууларына антибиотиктерди кошуп бере башташкан. Арадан 7 жумалык убакыт өткөндөн кийин алардын салмагы кошулгандыгын байкашкан.

Бирок, чычкандардын ичеги карын жолдорундагы бактериалардын саны ошол калыбында калып, болгону алардын түзүлүшү гана өзгөргөн. Антибиотиктерди колдонуунун натыйжасында организмде каллорияны көбөйтүүчү “Firmicutes” тобундагы бактериялардын тобунун саны арткан.

Чычкандарга жасалган тажрыйбанын адамга кандай таасир берерин аныктоо максатында Бластер 1991-1992 -жылдары Улуу Британияда төрөлгөн 11 миң баланын антибиотик берилген балдар менен салыштырганда алар кадимки балдардан 10, 20 жана 38 айлыгында салмактары оор болгон.

Бирок, Потсдамдын Тамактануу институтунун микробиологу Майкл Блаут бул изилдөөнүн натыйжасына ишенимсиздик менен караса, Стэндфорд университетинин микробиологу Дэвид Релман изилдөөнүн натыйжасын негизсиз деп жарыялаган.

Кандай болгон күндө да дарыгерлер антибиотиктерди балдардын дарылануусуна өтө сактык менен колдонуу керектигин эскертишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!