Балмуздак менен шоколаддын зыяны

14-Апр. 2017, Жума

Окумуштуулар адамды баңгизат сыяктуу өзүнө тарткан тамактардын тизмегин жарыялап чыгышты. Наркотик, алкоголь жана тамеки-булардын баардыгы адам баласынын жашоосуна канчалык зыян алып келери туурасында эчактан бери белгилүү. Бирок азыктардын катарында да сыртынан байкалбаганы менен зыяндуулары кездешет.

Бул азыктарды күн сайын алардын зыяндуулугу туурасында билбей эле жеп жүрөбүз. Окумуштуулар кээ бир азыктар адамдын мээсиндеги ырахат борборуна таасир берет деп келишет. Наркотик сыяктуу алар психиканы бузуп, организмге депрессия абалын дуушар кылышат.

Изилдөө натыйжасы көрсөткөндөй курамында көп өлчөмдө канты менен майы бар тамактарды көп жегендердин ошол азыкка болгон эңсөөсү жогору болот. Бул да наркотикке, тамекиге, алкоголго көз каранды болгондой болот деп изилдешти окумуштуулар.

Ошондуктан таттууну жана майлууну жакшы көргөндөр алардан баш тарта алышпайт. Эң зыяндуу тамактардын катарына биринчи шоколад, экинчи балмуздак, үчүнчү каллориясы көп бургер менен пицца бар. Бул азыктарды адам ачка болуусун жоюу үчүн эмес, ырахат алуу үчүн жешет. Бара-бара бул азыктарга көнүп, каалап калышат.

Ал эми таттуунун зыян экени алда качан далилденген. Ал түрдүү ооруларга чалдыктырып, ашыкча салмак кошууга түртөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!