Арыктоо үчүн суусундуктар

23-Июнь 2017, Жума

Ашыкча салмактан арылуу үчүн туура тамактануу керек экенин көп эле жазып келебиз. Ошондуктан сиздер үчүн ден соолукка пайдалуу жана арыктатуучу суусундуктардын даярдоо жолдорун сунуштайбыз.

Гидромель

1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык бал менен 2 аш кашык лимон ширесин кошуңуз. Бул суусундукту күнүнө үч ирээт тамактануу алдында ичүү керек. Анын курамында С витамини организмдеги токсиндерди чыгарып, иммунитетти күчтөндүрүүгө жардам берет.


Сулуу кисели


Бул суусундук зат алмашуу системасы менен иммунитетти жакшыртат. Ал үчүн 200 гр сулууну 3 литрлик банкага салып, жарым стакан айран, 1 аш кашык каймак менен 1,5 литр суу қуюңуз. Идиштин оозун жакшылап жаап, жулуу сууга ачытууга коюңуз. Андан кийин суусундукту сүзүп аллып, кастрюлга куюп, газга коюп, кайнатыңыз. Тамактанууга жарым саат калганда жарым стакандан ичип туруңуз.


Бал-корица суусундугу

Бул суусундук организмди тазалап, тамак сиңирүү кызматын тездетет. Аны пайдалануу үчүн жарым кашык корицага 200 мл суу қуюңуз. Аны 1 чай кашык бал менен аралаштырып, 2 саатка муздаткычка коюп коюңуз. Эртең менен ач карын жана түндө уктаар алдында ичип туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!