Кайсы тамак канча саатта сиңет?

26-Авг. 2017, Ишемби

Арыктоону ниеттенип жүргөн кыздардын кулагына алтын сырга! Жаңы диета менен таанышып коюңуздар.

Бул ыкманы негизги эрежеси төмөнкүдөй. Ашказандагы тамак толугу менен сиңмейинче, башка тамак жебеш керек. Натыйжасында, сиз чамасынан сырткары тамак жебейсиз.

Эскерте кетсек, бул ыкма арыктоону тездетип гана койбой, тамак-аш сиңирүү системасын толугу менен тазалап, жумушун ирээтке келтирет. Ушул диетаны сунуштаган адамдын ашказаны убакыттын өтүшү менен кичирейип, ал эми тамакты ашыкча жебөө адаты сакталып калган.


Ошону менен түрлүү тамактын канча убакытта сиңээрин билип алыңыздар.

1-2 саатта: суу, чай, кофе, какао, шорпо, сүт, сууга бышкан жумуртка, күрүч, балыктын эти.

2-3 саатта: куурулган жумуртка, майлуу балыктын эти, сууга бышкан кортошка, нан.

3-4 саатта: тоок эти же уйдун эти, кара нан, алма, сабиз, жер-жемиштин түрлөрү, куурулган картошка.

4-5 саатта: буурчактын турлөрү, куурулган эт, майга курулган балык же тоок эти.

5-6 сааатта: козу карын, майлуу эт.

Уктаарга ач карын жатууну адатка айландырыңыз. Эң жакшысы уйкуга 3-4 саат калгандан кийин такыр тамактанбоо кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!