Лимон-бал диетасы

14-Сен. 2017, Бейшемби, 11:58

Лимон-бал диетасы тез аякталчу диеталардын бири, узактыгы эки күнгө гана созулат. Ушундай кыска убакыттын ичинде ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Бул организмде жыйналып калган майдын бөлүнүп чыгуусуна кепилдик берет.

Баардык чектелген диета сыяктуу бул да организмдеги ашыкча майлардан кутулуп, денедеги майдын бөлүнүнүп чыгуусун камсыз кылат.

Лимон-бал диетасы учурунда күнү бою баардык тамак түрүнөн баш тартып, анын ордун жогорку кычкылдуу суюктук менен толтурасыз. Ал үчүн мындай кошулма даярдоо керек. 3 литр газдалбаган суу, 15 лимондун сыгындысы, 50 грамм бал алабыз. Бул диета аркылуу эки күндө 2 килограммга чейин арыктоого мүмкүн.

Көп өлчөмдөгү лимон кычкылы ачка болтурбайт. Балдын курамындагы глюкоза менен сахароза майды эритип, белок организмдеги майдын курамын азайткандыктан, ашыкча салмак өз алдынча жок боло баштайт. Лимон кычкылы организмдеги токсиндер менен уулуу заттарды чыгарат.

Аралашманын курамында бал болгондуктан, башка диеталарга карганда оңой болот. Себеби, бал адамга күч берип, организмди азыктандырат. Лимон-бал диетасы күрүч диетасы сыяктуу целлюлит менен да күрөшөт.

Даяр болгон аралашмадан сырткары минералдык суу же көк чайды көп өлчөмдө ичип туру кажет.

Бул диета түрүн бөйрөгүндө таш бар жана башка да оорулары бар адамдар дарыгердин уруксатысыз кармоого болбойт. Дени сак адамдарга эки күндөн ашык улантууга тыюу салынат!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!