Түстүү капуста диетасы

20-Сен. 2017, Шаршемби, 11:16

Түстүү капуста диетасы абдан кыйын, бирок натыйжасы тез байкалат. Диета кармаган учурда канчалык суу, көк чай көп ичсеңиз ошончолук жакшы. Туурасы– 1-2 литр суу ичүү кажет. Кофе зат алмашууну тездеткендиктен, эртең менен тамак менен ичүүгө сунушталат. Диета учурунда туз менен шекерди унутуңуз. Узактыгы 10 күнгө созулган бул диетаны эки ай сайын кайталоого болот.

Түстүү капуста диетасынын менюсу:

Эртең мененки тамактануу: көк чай, кофе, газдалбаган, минералдуу суу;

Түшкү ашка: сабиз менен түстүү капустадан жасалган салат. Кайнатылган уйдун эти, тоок эти, майсыз балык. Ушулардын бирөөнү 200 грамдан ашырбай аласыз.

Кечки ашка: капуста салаты, бир сууга бышкан жумуртка, бир алма жана банандан башка жемиш.
уктаардан эки саат мурда 1 стакан майсыз (1%) айран.

Капустадан жасалган салаттын ордуна жашылча –жемиштен жасалган шорпо ичүүгө болот.

Эч кандай көнүгүү жасабай он күндө 6-10 килограммга чейин таштайсыз. Алкоголь ичимдиктерин колдонууга катуу тыйюу салынат, эч кандай ун, кондитер азыктарын колдонбоңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!