Бир жумага созулган диета

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:13

Бул диетанын узактыгы бир жумага созулат. Диета кармоо учурунда кошумча көнүгүүлөрдү жасап турган абзел. Мисалы, тер чыккандай калың кийинип алып, тепкич менен өйдө-төмөн жүгүрүүгө болот. Диета бүткөндө 3-4 килогармм ашыкча салмактан кутулганыңызга күбө болосуз. Бирок кубанууга шашылбаңыз. Ушул салмакты сактап туруу үчүн күнүнө салмак өлчөп, машыгууну токтотпостон уланткан туура. Эгер таразада ашыкча салмак кошулганын байкасаңыз, кечки аштан баш тартып, суу, айран, салат сыяктуу жеңил тамактар менен гана азыктанууга туура келет.

Диета маалында жегенге уруксаат берилүүчү тамактар: - 300 грамм гречка; - 1 кг алма; - 1 л айран; - 300 грамм тоок эти; - 2 л суу.

Эртең менен 1 стакан суу ичиңиз. Жарым сааттан кийин туз, кант кошулбай кайнатылган гречка жейбиз.

Түшкү ашка туз кошпой кайнатылган тоок эти.

Кечки саат 18:00 чамасында 1 стакан айран ичебиз. Курсак ачкан кезде алма жеп турууга болот. Диетанын экинчи күнүнөн баштап алма менен катар айран колдонууга уруксат. Бир айда 2-3 килограмм салмактан ашык таштоого шашылбоо керек. Эгер андан көп салмак таштасаңыз, организм стресске учурап, кийинки айда мурункудан да көп салмак кошуп алууңуз мүмкүн. Башкысы, адамдын эрки күчтүү болуш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!