Той алдындагы диета

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:21

Тойдун алдында мурунку көйнөктүн бели батпай калып, кыйналып кеттиңизби? Же болбосо көйнөгүңүз тырышып, майлар бөлүнүп-бөлүнүп чыгып жатабы? Аз убакытта чоң жетиштикке жетүүгө болот. Өзүңүздү колго алып, дароо бул диетаны кармасаңыз болот.

Алды менен белди бекем бууп,

күнүнө 4 алма;

1 лимон;

1 кесим эт;

3 тилим кургатылган нан жеш керек.

Эгер кийинки күнү өзгөрүш байкалбаса, дагы бир күн ушул диета боюнча тамактаныңыз. Мындан да дагы бир-эки сантиметрге арыктагыңыз келсе, тамактан ун, туз, кант сыяктуу азыктарды алып таштоо кажет! Себеби өз алдыңызча арыктагыңыз келсе аткарууга тийишсиз. Ал эми тамактанган кезде суюктук ичпеген оң. Эми 3-4 күндөн кийин жакшылап байкап карасаңыз, көйнөк жакшы отурганын көрөсүз.

Ушул калпыңызды кийин да сактап калгыңыз келсе, «канагат», «туура тамактануу», «кыймыл-аракет» деген сөздөрдү эсиңизден чыгарбаңыз. Ал эми муну жүзөгө ашыруу үчүн эркиңиз күчтүү болушу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!