Окумуштуулар: Ашыкча салмактан арылбаңыз!

12-Дек. 2017, Шейшемби, 12:13

Акыркы изилдөө жумуштарынын натыйжасынды организмдеги майдын азаюсу ден соолуктун начарлоосуна алып келээрин далилдешти. Бул тууралуу “The Lancet” журналына жарыяланган.

Канададагы МакМастер университетинин окумуштуулары тамактанууга байланыштуу кеңештерди кайра карып чыгууга чакырды. Алар 18 өлкөдөн 35 жана 70 жаш аралыгындагы 135 миң адам катышкан изилдөө ишин жүргүзүшкөн. Натыйжасында көмүр суулары көп болуп, майлардын азаюсу жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келээри аныкталган.

Адистердин билдирүүсү боюнча, организм туура жумуш иштөөсү үчүн белгилүү бир өлчөмдө майлар кажет. Алар организмдеги мембрана клеткалары, нерв талчаларынынын түзүлүшүнө, булчуң эттердин туура жумуш иштөөсүнө жардам берет.

Кантсе да, окумуштуулар кээ бир май түрүнүн адамга зыян экенин жашарышпайт. Ошол себепте, жаңгак, авокадо, зайтун майы, балыктын курамында болгон майларды гана колдонгон туура дешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!