Целлюлиттен арылыңыз!

15-Дек. 2017, Жума, 15:49

Целлюлиттен кутулугуңуз келеби? Андан арылуунун жалгыз ыкмасы секирүү (скакалка).

Фитнеске барбай эле үй ичинде жасоого болот. Бул машыгуу бар болгону 15 мүнөт убактыңызды алат. Ошондуктан эринбей секирип бул көйгөйдөн кутулуңуз. Секириңиз, чарчасаңыз бөлмөдө ары-бери бир аз басыңыз, дем алып алып кайрадан улантыңыз. Бирок таптакыр отуруп албаңыз. Физикалык күч коротуудан сырткары, псиxологиялык мотивация да иштейт. Бир жолу отуруп алганыңыздын өзү жеңилүү болуп калат. Дем алып алсаңыз ишке киришиңиз. Узак убакыт бул көнүгүүнү кайталап жасап турсаңыз сиз каалаган натыйжага жетишесиз. Целлюлиттен гана кутулуп койбой, дене мүчөңүз да келишимдүү болуп чыга келет.

Хула-xоп ыкмасы

Обручту айлантуу же Хула-xуп ыкмасы целлюлит менен күрөшүүдө пайдасы зор. Айтмакчы, целлюлиттен бөлөк көп отуруп иштегендер үчүн дагы пайдасы мол, тагыраагы кан уюп калуудан сактайт. Албетте, аны менен кошо ичке бел, омуртка, тамак-аш сиңирүү жумушун жакшыртат. Дал секирүү ыкмасы сыктуу 15 мүнөт кем да эмес, көп да эмес айлантуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!