Арыктоонун коопсуз жолу табылды

17-Янв. 2018, Шаршемби, 14:40

Израиль окумуштуулары диета менен арыктагандарга караганда, ашыкча салмагын операция жасатуу аркылуу азайткандар үчүн эрте өлүм коркунучу төмөн болоорун маалымдашкан. Бул тууралуу “Journal of the American Medical Association” журналына жарияланды”,-деп кабарлайт “lenta.ru” сайты.

Изилдөөгө 8 385 адам катышкан. Аларга 2005-2014-жылдар аралыгында ашыкча салмактан кутулуу үчүн түрлүү операция жасалган. Анын ичинде лапароскопиялык операция да бар.

Мындан сырткары, адистер ашыкча салмагы бар 25 миң адамдын ден соолугуна байкоо жүргүзүшкөн. Алар диета кармоо аркылуу ашыкча салмактан арылууга тырышышкан.

Окумуштуулар эки топтун катышуучуларынын өлүм деңгээлин салыштырышкан. Ошентип төрт жарым жыл ичинде хирургиялык жол менен арыктабагандарга караганда, операция жасагандардын кайтыш болуу коркунучу төмөн болуп чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!