Эң жакшы диета

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:01

Окумуштуулар эң жакшы деген диета мөмө жана жер-жемиш менен суудан турарын айтышты.

Жаңы бышкан мөмө-жемиштер организм үчүн пайдалуу. Ал эми суунун эч кошулмасыз тазасын колдонуу кажет. Сууну көп ичкенде жумасына 1000 калориядан арылууга болот экен.

Тамактын алдында ичкен бир стакан таза суу тамактын жакшы сиңишине жардам берет. Суу диетасы өзгөчө карыган адамдар үчүн өтө пайдалуу. Ачка болгон кезде ар дайым бир стакан суу ичип туруу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!