Диета жана спорт залсыз ичти тартуунун ыкмасы

26-Янв. 2018, Жума, 10:28

Дене мүчөсүн келишимдүү кылгысы келген кыздар фитнес залдарда машыгып келишет. Ал эми кээ бирөөлөрү туура тамактанууну эрежеге айландырышат. Бул эки эрежени тең колдонуу туура. Ошентсе да фитнеске барууга, туура тамактанууга же убактысы, же акчасы жоктор да бар. Биз аларга арналган ич тартуунун жөнөкөй 7 ыкмасын сунуштамакчыбыз.

Денеңизди тик кармаңыз

Эсиңизге түшкөн маалда ийиниңизди тик кармап, ичиңизди тартыңыз. Эгер мындай жасай албасаңыз же эстегиңиз келбесе, дене мүчөңүзгө арналган корректор сатып алыңыз (баардык дарыканаларда сатылат). Анда да болбосо медициналык гаджет жардамга келет.

Биз чындыгында денебизди тик кармоонун канчалык пайдалуу экенин биле бербейбиз. Ал бой кошуп, көкүрөгүбүздүн формасын келтирип, ичибизди тегиз көрсөтөт. Бул ыкманы адат кылган адам эки-үч жумадан кийин, ичинин тартылып калганын байкай алат.

Көп суу ичиңиз

Күнүнө 8 стакан суу ичүү керектигин баарыбыз жакшы билебиз. Илимий далил боюнча, суу жетишпесе организм катмарлана баштайт. Ошол сыяктуу эле ушундай эле өзгөрүш ичте да жүрөт.

Дааратканага көп барыңыз

Бул ичти тартуудагы маанилүү элемент деп билген оң. Организмибиз өтө чыдамдуу болгондуктан, заара чыгарууну акыркы учурда гана эскертиши мүмкүн. Ал ага чейин заара көбүктөрү чоңоё берет. Бул ичтин чоңойуусуна алып келет. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, күнүнө 5-7 жолу дааратканага баруу керек.

Тамакты узак, шашпай чайнаңыз

Тамакты узак убакыт жана шашпай чайнаңыз, ал сиздин ашказаныңызда аз орун алат. Бул сиздин ичиңиздин чыгып кетүүсүнө жол бербейт.

Мурдуңуз менен дем алыңыз

Чындыгында ойго келбеген кеңеш сыяктуу, бирок өтө пайдалуу. Ооз менен дем алуу аркылуу биз абаны көбүрөөк жутабыз, ал эми ал ичибиздин чоңоюсуна алып келет. Ошол сыяктуу тамактангандан кийин, сагыз чайноо да тура эмес, анын ордуна демиңизди тазартуучу спрей же сормо конфеттерди пайдалаңыз.

Гормондорго байкоо салыныз

Аялдар гормону болгон экстроген убактылуу ашыкча майлардын, анын ичинде ич майларынын көбөйүшүнө алып келет. Ошол үчүн дарыгерге каралып, гормонуңуздун калыптуулугун бир текшерип алууга кеңеш беребиз.

Чалкалап жатыңыз

Аркаңыз менен жатып, бутуңуздун алдына жаздык коюп, ал бел тушка оролгон сүлгү коюңуз. Бул учурда ичиңиз ичти карай тартылат. Ушундайча күнүнө 20 мүнөт жатсаңыз, сиздин ичиңиздин булчуң эттери ушул абалга көнүп калат. Мындай жатуу япондуктар үчүн адатка айланган, керек болсо бул гимнастиканы денени түз кармап жүрүүнүн негизги шарты деп эсептешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!