Кечкисин эмнеге тамактанганга болбойт?

2-Март 2018, Жума, 12:15

Көпчүлүгүбүз эртең мененки, түшкү тамакка эмес, кечки тамакка көп маани берип, күчтүү тамактардын баардыгын кечки маалга калтырабыз. Бул туура эмес. Кечки убакта адамдын кыймылы жай болгондуктан, күчтүү тамактарды ашказандын сиңирүүсү кыйынга турат. Ал эми түнкү убакта тоюп алуу ашказанды кыйнап көптөгөн оорулардын пайда болушуна себепчи болот. Мындай учурда организмде түндө жүргөн процесстердин активдүүлүгү төмөндөп, адамдын уйкусу бузулат. Ошонун таасиринен гастрит оорусу пайда болот.

Гастрит болгон кезде ашказан ооруп, ичи эрозияга кабылат. Эгер аны дароо дарылабаса, бул ашказандын оюк жарасынын пайда болушуна алып келет. Мындай учурда адамдын жүрөгү айланып, кускусу келет. Ашказан кыжылдап, кекирип, көкүрөктүн алды, тамагынын ортосу ооруйт.

Ашказан ооруларынын алдын алуу үчүн тамактануу режимин сактоо керек. Күндүз ачка болбой, пайдалуу тамак ичип, кечкисин жеңил тамактаныңыз. Кечки тамакты уктаардан мурда 2 саат мурун ичкен оң. Жатар алдында тамакка тоюп алууга таптакыр болбойт. Ашказан ушул режимге көнүп калган десеңиз жаңылышасыз. Азыр зыянын байкабай жатсаңыз, убакыт өткөн сайын ашказанга олуттуу зыян келтирип аласыз. Эгер бул адатыңыздан арыла албай жүрсөңүз жатар маалда айран же жемиштерди жесеңиз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!