Тамакты шашпай жеп арыктаңыз

14-Март 2018, Шаршемби, 16:46

Бардыгын иретке келтирүүнүн бир ыкмасы - тамакты шашпай жеш. Жакында гана жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча бул ыкманы далилдешти.

Толук адамдар арыктарга караганда тамакты ылдам жешет экен. Ушуга байланыштуу тамак жегендеги ылдамдыктын 3 түрү бар: өтө жогорку – бир мүнөттө 90 грамм, орточо – бир мүнөттө 70 грамм, төмөнкү - мүнөтүнө 50 грамм.

Муну менен бирге, эркектер менен аялдар арасында өзгөчөлүк бар.

Эркектер түшкү тамак маалында мүнөтүнө 80 калорий жесе, аялдар болгону 52 калорийи бар тамакты жешет экен.

Булардын баардыгы толук адамдардын көп күч-кубат жыйноого талап кылынаары менен жана ал көп күчтү топтоо үчүн энергиянын керектөөсү менен байланыштуу болсо керек.

2007-жылы профессор Кэтрин Мелансон апялдардын 9 мүнөт ичинде 646 калорий кабылдаарын байкаган. Ал дал ошол аялдарды шашпай жегенге мажбурлаган кезде 29 мүнөт ичинде 579 калорийи бар тамак жешери аныкталган. Тактап айтканда, ар бир тиштеген сайын үзүлүш жасап, 15-20 ирет чайнашкан. Андай болсо, арыктоо үчүн тамакты шашпай жейли!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!