Йога менен алектенүүнүн пайдасы барбы?

22-Март 2018, Бейшемби, 13:52

Азыр спорт менен алектенүү модага айланууда. Эркектер машыгуу залынан чыгышпаса, ал эми кыздар бий, йога, фитнес же аэробикага катышышат. Анын ичиндеги эң эле пайдалуусу - йога.

Йога оюңузду жыйнактоого, сезим менен эмоцияңызды түшүнүүгө жардам берет. Натыйжага жетүүнү кааласаңыз, машыгууну туура аткаруу керек. Алгач баштаган кезде машыктыруучу менен жасаган оң. Себеби, машыгууну туура эмес жасаган болсоңуз жаракат алып калууңуз мүмкүн.

Йоганын жардамы менен организмди калыбына келтирүүгө болот. Бирок ал үчүн өзгөчө машугуу керек. Ошону менен катар, туура тамактануу, уйкунун режимин бузбай, алкоголь менен никотинден баш тарткан оң.

Йога иммунитетти бекем кылууда да пайдалуу. Себеби машыгуу кезинде органдар менен булчуңдар кыймылдап, кан айлануу жакшырат. Дароо катуу машыгууну баштабаңыз. Алгач жеңил, оңой көнүүгүдөн баштап, убакыт өткөн сайын техниканы кыйындата баштайсыз. Ошондо да баары жакшы болсун десеңиз, атайы машыктыруучунун көзөмөлүндө жасаганыңыз оң.

Йога дененин ийилчек болуусуна жардам берет. Убакыт өткөн сайын булчуң этер жумшарып, созулуп жана тарамыш, тамырлар оорусу басылат.

Фитнес менен аэробика йоганын ордун баса албайт. Себеби, алар булчуң этти өстурүүгө жардам берет. Ал эми йоганын максаты таптакыр башка. Жүрөгү ооруган адамдарга йога зыяндуу эмес. Машыгуулар жүрөктүн согушу менен кан басымдын көтөрүп жибербейт. Ошентсе да, машыгуудан мурун дарыгерден кеңеш алган оң.

Эгер сколиоз менен (омуртканын кыйшаюсу) ооруган болсоңуз, йога аны дарылоого жардам берет. Ал үчүн машыктыруучу менен атайы көнугүү программасын даярдап алуу керек.

Йога арыктатабы?

Албетте, бир нече айдын ичинде ашыкча салмактан толугу менен арылуу кыйын. Ьирок бир жылдан кийин денеңиз сулуу, тартымдуу болот. Болгону йога менен машыгып туруңуз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!