-47 градус суукта кирпиктериңиздин абалы

17-Янв. 2018, Шаршемби, 13:45

Якутияда “Instagrama” колдонуучусу Настя өзүнүн кирпиктерин сүрөткө тартып жарыялаган. Азыркы учурда бул аймакта -47 градус аяздуу аба ырайы катталууда. Кээ бирөөлөр мындай төмөн температурада элдер канти экен дешсе, башкалары кыздын бетиндеги табияттын жасаган “макияжына” сууктанышууда. Бирок кээ бирөөлөр мынтип суукта сууга түшүп жатышса, кээ бирөөлөрү -47 градус суукта жумушка барууга мажбур. Алардын бири Настя 15-20 мүнөт ичинде эшиктеги суук анын жүзүн кандай абалга алып келгенин көрсөткөн.

Якутияга катуу суук келди: аймактын кээ бир жерлеринде термометр 60 градуска чейин төмөн түшүп кеткени маалымдалууда. “Оймяконда сууктан улам электрондуу температура көрсөткүчү сынып калган”,-деп жазат “YakutiaMedia”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!