​Казакстанда кырсыкта өзбекстандыктар каза болду

2-Март 2018, Жума, 10:09

Казакстанда болгон жол кырсыгынан Өзбекстандын алты жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык үстүбүздөгү жылдын 1-мартында болжол менен саат 06:00 чамасында болгон. Казакстандын Мангистау облусунун Мангистау районундагы Шетпе айылындагы “Актау-Бейнеу” жолунда “LADA Largus” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Актау-Бейнеу каттамы боюнча бара жаткан “Shacman” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Кырсыктын натыйжасында унаадан өрт чыгып 7 адам каза болду, алардын алтоо Өзбекстандын жарандары болгон.

Аталган факты боюнча иликтөө амалдары жүрүүдө, каза болгондордун өздүгү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!