Тель-Авивде учактар кагылышты

28-Март 2018, Шаршемби, 17:03

Германиянын жана Израилдин учактары Тель-Авивге жакынкы Эл аралык Давид Бен-Гурион атындагы аэропортунда учактар бурула турган жолдон кагылышкан.

“Haaretz” гезити маалымдагандай “Germania” авиакомпаниясынын “Boeing 737” учагы буксирлөө учурунда Израилдин “Boeing 767” аба кемесин сүзгөн.

Учактагы жүргүнчүлөр жабыркаган жок жана борттон аман куткарылып, башка каттамга которулду.

Израиль учагы Римге, ал эми Германиянын аба кемеси Берлинге сапар алганы жаткан. Окуяны Израилдин авиациясы иликтегени калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!