Сауд Арабияда Күн фермасы курулат

28-Март 2018, Шаршемби, 18:35

Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бен Сальман Аль Сауд жана Япониянын “Softbank Softbank” телекоммуникация корпорациясынын башкы директору Масаеши Сон Нью-Йоркто күчү 200 ГВт болгон Күн фермасын куруу боюнча меморандумга кол койду.

“Al Arabiya” телеканалынын маалыматына караганда 2018-жылдын май айында тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин сунушташат. Ал эми курулуш иштери 2019-жылы башталат.

Күн фермасынын жалпы күчү 200 ГВт болот. Бул көрсөткүчкө жетүү 2030-жылга белгиленген.

Макулдашууга ылайык 100 миң жумуш орду түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруу аркылуу падышачылык Ички дүң өндүрүмдү жылына 40 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!