Башы жок тоок тирүү бойдон басып жүрөт

29-Март 2018, Бейшемби, 12:25

Башсыз калса да тирүү жүргөн тоок интеретте жылдызга айланды. Ошону менен бирге социалдык тармактын колдонуучулары аталган тоокко таң калышууда. Бул тууралуу “lenta.ru” сайы кабарлайт.

Табияттын өзгөчө жандыгы азыр Тайланд өлкөсүндө зоополиклиникалардын биринде экен. Жергиликтүү мал дарыгери тооктун жашоого деген ынтызарына таң калууда.

Эми Арун Тонг аттуу дарыгер тоокту багып ала турган адам издеп жатат. Анын айтуусу боюнча, эми тоокту өмүр бою бирөө карап туруш керек.

Эскерте кетсек, мындай учур биринчи жолу болуп жаткан жок. АКШнын Колорадо шататында дал ушундай окуя 1945-жылы болгон. Жергиликтүү дыйкан башын чаап алса да ал өлбөй тирүү жүрө берген экен. Тескерисиче ал тоогун алып АКШны кыдырып турне жасаган. Ал тооктун башы жок болсо да 1,5 жыл жашаган экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!