АКШдан Сауд Арабиянын кыжырын келтирген өкүм

29-Март 2018, Бейшемби, 17:58

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салууга байланыштуу Сауд Арабияга доо ачуу боюнча олуттуу өнүгүү болду. Америкалык сот терактын курмандыктарынын жакындарына доо ачууга шарт түзгөн өкүм чыгарды. Бул экс-президент Барак Обама мезгилинде Сауд Арабия жана АКШнын ортосунда кризиске себеп болгон эле.

2016-жылы чыгарылган “Террорчулукка колдоо көрсөткөндөргө каршы адилет (JASTA)” аттуу мыйзамга ылайык 2001-жылдын 11-сентябрындагы кол салууларда көз жумгандардын жакындары Сауд Арабияга доо ача алмак. Бирок Сауд Арабия буга каршы болуп сотко кайрылган.

Манхеттен аймактык соту Жордж Дэниелс аталган өлкөнүн талабын кабыл албай курмандыктардын жакындарына компенсация төлөө тууралуу өкүм чыгарды. Буга арыз менен көптөгөн адамдардын кайрылуусу себеп болгонун айтты.

Террордук кол салууда көз жумгандардын үй-бүлөлөрү, жарадарлар жана иш орундарынын ээлери 25 миңге жакын адамдан турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!