Америкада 200 короз камакка алынды

30-Март 2018, Жума, 12:25

Американын Арканзас штатында 200 короз камакка алынды. Жандыктар өз араларында уюштурулган урушка катышканы үчүн абакка киргизилгенин “Associated Press” агенттиги жазды.

Канаттуулар Де-Куин шаарында рейд учурунда кармалган. Атайын операцияда алар менен кошо 137 адам камакка алынды.

Короздорду багуу администрациянын ишенимине кирген абакта жаткандарга тапшырылды. Бирок жаза өтөөчү жайга жакын жашагандар, кызматкерлер канаттуулар тынчтык бербегенин айтып, арызданышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!