Юлия Скрипаль эсине келди

30-Март 2018, Жума, 13:42

Солсбери шаарында ууланган Юлия Скрипаль эсине келгенин, ал тургай сүйлөй баштаганын “Би-би-си” кызматы оорукананын жазгандарына шилтеме берип жазган. Кыздын абалы жакшы экенин Британия бийлиги Россия тарапка кабарлаган. Ал эми Москва Лондондон жабырлануучуга консулдуктун өкүлүн киргизүүнү талап кылды.

“Юлия Скрипалдын саламаттыгы боюнча бизге Британия бийлиги кабарлады. Жазгандарына караганда ал айыга баштады”,-деген Лавров. Ошондой эле министр Юлия Россиянын жараны экенин, ага байланышууга уруксат сураганын кошумчалады. “Британия тарап Вена конвенциясына ылайык бул сунушту ылайык көрөт деп ишенебиз”,-деген Лавров.

4-мартта Россияда Улуу Британияга тыңчылык кылган Сергей Скрипаль жана кызы ууланган. Буга Лондон Россияны айыптаса, ал тарап айыптоолорду четке кагууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!