Дүйнөдө теңдеши жок курал сыналды

30-Март 2018, Жума, 15:00

Россиянын президенти Владимир Путин айткан жаңы ракеталардын видеолору жарыяланды.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги континеттер аралык оор баллистикалык “Сармат” аттуу ракетаны сыноо учурунда тартылган видеону жарыялады. 23 секунддук видеодон Плесецк космодромунан ракетанын учурулганын көрүүгө болот.

“Сармат” ракетасы экинчи жолу сыноодөн өтүп жатат. Биринчиси өткөн жылдын декабрь айында ишке ашырылган эле.

Эске сала кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин март айынын башында Федералдык жыйында дүйнөдө теңдеши жок эң акыркы орус куралдары тууралуу айткан. Бул дүйнөдө түрдүү талкуу жараткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!