Балдар роботко аманат

30-Март 2018, Жума, 17:54

Финляндиянын башталгыч мектептеринде сыноо максатында киргизилген системанын алкагында кичине роботтор тил жана математика сабагынан окуучуларга, мугалимдерге жардам берет.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Тампере шаарындагы мектепте "Elias" аттуу роботтор 23 тилде сүйлөп, окуучулардын суроолоруна жооп беришет. Азырынча пилоттук процесс. Анда Elias болгону фин, англис жана немис тилдеринде сүйлөйт.

Мугалимдерге сабак түшүндүрүүдө кетирген кемчиликтерин эскертет. Бою 30 сантиметрлик түзүм түрдүү кыймылдарды жасап, бийлеп окуучулардын көңүлүн бурат. Буга окшогон “OVObot” аттуу досу математика сабагынан жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!