Starbucks кофеси ракты пайда кылабы?

31-Март 2018, Ишемби, 11:42

Калифорнияда сот Starbucks компаниясынын кофелерине ракты пайда кылары тууралуу эскертүү жазууну өкүм кылды.

Кофеде көп өлчөмдө акриламид заты бар деген жүйөө менен Лос-Анжелес шаарынын соту Starbucks кофе тармагын кошкондо дагы үч кофе компаниясына эскертүү берген. Азык-түлүктү өтө ысытканда пайда болгон бул зат токсин жана кансерогендик бирикме болуп эсептелет.

“Starbucks” компаниясы сот өкүмү боюнча 10-апрелге чейин даттанууга укугу бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!